Nius
Viewing Telegram channel @ulanusoiun (Ulan Usoiun)
This is channel preview
create account to subscribe to this channel, browse for more
January 17th 2021, 2:26:24 pm

Жогорку билим тууралу.

Мен эч бир ЖОЖду окуп бүтүргөн эмесмин. Окубаганыма да сүйүнөм. Бирок..

Окубадым десем калпычы болоормун, 2- курска чейин окугам, окуганда да мыкты окугам. Группалаштарым калпычы кылбас.
Окууну таштаганымдын себеби да бар. Ал убакта иштеген ишим бар эле, тынбаган аракеттин, изденүүнүн артында жашайт элем. Күнү түнү китеп беттен түшчү эмес.

Анан эле, 2-курска барсам мугалимдер өзгөрүптүр, мугалимдердин билими канааттандырган жок. Эски системадан тажадым. Өзүмдү да кыйынсынып кеттим. Дагы издендим, окудум, аракет кылдым. Окууну таштадым.

Анан, Кудай менин жашоомо укмуштуудай адамдарды жөнөттү. Ар бир жолуккан адам, менин калыптануумда чооң аалам, дүйнө, мектеп болду.
Алар, Гарвардтын, Кембриждин, керек болсо Оксфордтунда профессорлорунан билимдүү, дүйнө таанымы кенен, акылман, негизгиси адамдык сапаты бийик адамдар эле.

Мына, ошол адамдар Уланды өзгөрттү, көзүн ачты, дүйнө таанымын кеңейтти.

Мындай, жашоонун мектебин бүтүү бакыт эле, ошол бакыт мага буйурду.

Ай достор, окууну мен жыргаганыман таштаган эмесмин. Өсүү, алдыга болгон аракет үчүн таштагам, өз "эркиме" ишенгем. Бул чечимге акыл эс менен келгем.
Азыр, окууну таштаса эле, ийгиликтүү болуп, жыргап кетүүнү самашат. Окууну таштасаң эле жыргап кетүү баарына буйурган эмес.

Бир нерсе десең эле, Цукерберг, Стиб Жобс, Бил Гейтс өңдүү улуу адамдарды мисал кылганды үйрөнүп алганбыз.

Алтындарым, алар биздин БГУну, Манасты, Улуттук универди же АУЦАны таштаган эмес. Алар Гарвард, Кембридж жана Оксфорд өңдүү калдайган окуу жайга ынанбаганы, алардан керектүү билим ала албаганы үчүн таштаган.

Ооба, билимдин эки түрү бар.
Формалдуу жана формалдуу эмес. Мага формалдуу эмес билим буйуруптур.
Буга ата энем, мектеп мугалимдери, жашоодогу жолуккан адамдар түрткү болду. Эми мындай мүмкүнчүлүк башкаларда болобу?! Таң!

Азыр Улан чоңойду, оюу калыптанды, көз карашы өзгөрдү, акылы толду. Эми жогоркуу окууга жайга даяр!

Айтайын дегеним, окууну таштоо жыргалчылыкты алып келбейт, өзүңө болгон жоопкерчиликти кана арттырат. ЖОЖдо окуганга караганда, окууну таштоо 10 эсе аракет, иш, тырышууну, ыйды талап кылат.

Окууну таштоодо бир эле жолуң бар, күчтүү болуп, баарын жеңип, окууну бүткөндөрдөн да мыкты болуп чыгууң шарт. Ойлогон оюң ишке ашпай, ишсиз калсаң эле "баляяга" калдың.

Өмүр боюу, "мына, сен ушун көрмөксүң, айтканды укпайсың, өзүңдү билип, өтүгүңдү төргө илип, талаада калдың" деген сөздөр кулагыңды тешет.

Ошол үчун, кысчу жерди кысып оку. Болгону универге ишенбей, наалыбай кошумча изден, аракеттен, билим ал!

January 18th 2021, 6:22:57 am

Тиги, бай болуп кетесиң, жыргап кетесиң деген тренингдер тууралу...

Акыркы маалда баары эле тренингдерде жүрүшөт. Же жыргап кеткен бир жан жок.

Кыкеңдерге "ийгиликтүү болосуң, бай болосуң" десе эле, илллюбой жерге дардалаңдап жетип барат экенбиз.

Акчаны той, тойдон кийин тренингдерге коротуп калдык көрунөт?)

Айтып коеюн, бул тренингдер Кыкеңдерге иштебейт, таасир бербейт.

Бизге, Транп келип тренинг өтсө да өзгөрбөйбүз. Эң күчтүү мотивация, бизге үч күнгө кана жетет. Андан кийин жок, мотивациянын "М" деген тамгасын таппайсың.

Баягы "мотивацияны" нан менен жутуп, чай менен ичип салабыз.

Ошентип, кайра эле көр оокат менен жүрмөй.

А тренингтер болсо, дары сымал эле сени эс алдырып, иллюзияң аркылуу кыялыңа чөмүлтүп, саал саал бактылуулук берип, зависимый наркоман кылып алат.

Же андай эмеспи? Биз, кыялдарда эле бактылуубуз, жашообузда эч паляяя жок.

Кызык, эмнеге мындай?
Кыкеңдерге эмнеге бул нерсе иштебейт?

Себебин билесиңби? Билбесең мындай.

Өнүккөн өлкөлөрдө адамдар эмнени каалашат жакшы билишет, алар тренингдерге жети ченеп бир кесип, акыл эс менен чечим кабыл алып, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн баамдап анан барышат.
Алар ишин таштап, жаңы иш баштасада, ишсиз талаада калсада, өлкөсү "пособия" аркылуу бага берет.
Тренингден алган билимин пайдаланат, план коет, аткарат, сөзүнө турат.

А бизде кандай? "Лиж бы" акча таабуу үчүн тренингдерге барабыз, жагабы жакпайбы, туура келеби, келбейби айырмасы жок.

Анан, биз деле жакшы ой менен иш баштагыбыз келет, кашайып эле, "ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңип" күнүмдүк оокатка кирип кетебиз..
Ошентип баарын эртеңки күнгө таштайбыз. Сөзунө турган, айтканын аткарган бирөөда жок.

Ошону менен тренингке төлөгөн акчаңда, алган мотивацияңда оо дүйнөгө кете берет.

Айтайын дегеним, тренингдер деле жаман эмес. Болгону, тренинг десе эле чуркап бара калбай, жан дүйнөң, акылың, мээң менен чечим чыгарып, моралдык жана материалдык жактан даяр болуп барсаң туура болобу дейм да, жаман оюмда..

January 20th 2021, 4:38:11 am

Өзүңө болгон сүйүү тууралу..

Эуу, өзүңдү өзүң сүйө албасаң, эч ким сени сүйбөйт!

Дайым эле, кебетеңе, денеңе, кылып жаткан ишиңе нааразы болуп, наалып, өзүңдү өзүң жек көрүп, жемелеп жатсаң, ким сени жактырат?

Өзүбүзгө болгон самокритика просто зашкаливает!

Душманыңа караганда өзүңдү жек көрөсүңго чиркин...

Мына, менда бир нече жыл мурун ошондой элем.
Кээбирде төрөлүп калганыма да наарызы болчумун.

Мурун менен кулактын чоңдугуна, кесилген беттин кызылына, тишимдин жоктугуна.. иии койчу толтура..

Акырында ал нааразычылык, ардануу, жек көрүү эч нерсе алып келбеди. Болгону "самоценканы" түшүрдү.

Убакыттын өтүшү менен өзүмдү сүйгөндү үйрөндүм. Кандай болсом да өзүмдү кабыл алдым.

Анан, кайра жаралбайт экениме көзүм жетти.
Мендеги Кудайдын берген сулуулугун баалап, сыймыктанып, өзүмө өзүмө суктанууну баштадым.

Сулуулуктун Жараткандан берилген формуласы болбойт экен. А чынында, ошол кызарган бет, мурундун чоңдугу бизге берилген белек тура.
Көрсө, биз каалаган, башкаларга окшошкубуз келген сулуулук, өзүбүздүн эле башыбызда калыптанган стереотип экен.

Канчалык нааразы бол, жер тепкиле, ыйла... эч качан, эч убакта кайра жаралбайсың. Азыркы келбетиң, турган турпатың сенин байлыгың, дүйнөдө жок сулуулугуң..

Сырткы келбетиңди, жүргөн турганыңды сүйө алсаң, сыйлай алсаң, ички дүйнөңда гүлдөйт, өркүндөйт,өсөт.. Сени да сүйүшөт, сыйлашат, баалашат.

Чыныгы өзүң кандай болсоң, ошондой бол, өзүңдү кабыл ал!

January 22nd 2021, 7:59:50 am

Азыр Кыргыз өлкөсүнүн туура жолго багыт алуусуна, өнүгүп-өсүүсүнө өбөлгө боло турчу эч бир “видениеси” жок.

Ал Садырда да, оппозицияда да, башкасында жок. Балким бар, бирок эч бирөө элге татыктуу жеткире алган жок. Баары өзүнүн жеке амбициясы менен алек.

Азыр жарандар “максатка, идеяга” байланбай, бир адамга үмүт, ишенип артып жашап калды.

А ошол адамдар мен келсем эле кыйратам, жыргатам, өнуктүрөм, өстүрөм деп, элдин башын куру убада менен айлантым бийлике келишүүдө.

Мунун арты жакшы менен бүтпөөрүн баары билишет.

Демек эмне кылуу керек?

Өлкөнү өзгөртөм, Кыргыз элин жыргатам десең, “Мен эле бийлике келишим керек дебей”,
өзгөрүү алып келе турчу жолду көргөзүп, элге
“видение” сунушта.
Ал жөн эле куру убада, сөз эмес,

ар бир кадамы элге тушүнүктүү, жеткиликтүү, реалдуулка коошкон “видение” болуусу керек. Анан ошону ар бир жаранга жеткир.

Аны түшүнгөн эл, кимиси келсе да талап кылганга үйрөнөт, Ташматпы, Айшабы доолап алат. Көзөмөл кылат.

А азыр жалпы эл келечекти көрө албагандыктан, бир адамды эле карап турушат. Ал адамы да бир күнү кетет, видениеси жок эл дагы башка адамды табышат, ага үмүт артышат,
анан ушунтип эптеген жашоо улана берет.

January 22nd 2021, 10:37:07 am
Loading error

January 22nd 2021, 10:37:08 am

Салттуу туулган күн жана форум.

Кыргызстан-биз байырлап жашагыбыз келген жалгыз мекенибиз. Бирок акыркы убактарда өлкөдөн артын карабай качкысы келген тааныш жана достор көбөйгөнү кейитет.

Токтот! Биз кыялыбыздагы Кыргызстанды элестетип көрбөйлүбү? Жергебизде шыктуу, жигердүү жана өзгөчө ой жүгүрткөндөр көбүрөөк жашашы үчүн ал Кыргызстан кандай болушу керек?

Эгер өлкөңдүн келечегине кайдыгер карабасаң, анда сени 23-январда саат 18:00дө форумга чакырабыз.

Бирге кыялданабыз, ойлонобуз, баарлашабыз жана пикир алмашабыз.



Кыргызстан – наша Родина, это страна, в которой мы хотим жить. Однако в последнее время мы часто слышим, что многие наши друзья и знакомые хотят свалить в другие страны и города…

Стоп! Давай помечтаем, каким мы хотели бы видеть наш Кыргызстан.
Каким он должен стать, чтобы здесь оставалось как можно больше талантливых, прогрессивных и креативных людей?

Если тебе небезразлично будущее своей страны, приглашаем тебя на это мероприятие 23-го января в 18:00 на наш форум.

Будем вместе мечтать, думать, общаться и делиться мнениями.


PS: Одна запятая решает все!

❗️ Вход строго по регистрации. Ссылка у нас в актуальных сторис.

#Башта #баштанбашта

January 28th 2021, 1:52:32 pm

Бакиевы возвращаются?!

В последнее время много новостей о возвращении клана Бакиевых, некоторые СМИ обеляют его, а он сам заявляет, что простил народ Кыргызстана.

Давайте вспомним о временах правления Бакиевых, как жил народ и почему он вышел против власти

-----------------------------------------------------------------

Бакиевдер кайтып келе жатышабы?!

Жакында эле Бакиевдердин кланынын кайтып келиши жөнүндө бир топ жаңылыктар болуп, айрым ЖМКлар аны актап, ал өзү да Кыргызстан элин кечирдим деп айтканын жарыя кылды.

Келгиле, Бакиевдердин башкаруу мезгилинде эл кандай жашап, эмне үчүн бийликке каршы чыкканын эстейли.

https://youtu.be/8zRaAQ3NmTQ

@bashtan_bashta

January 29th 2021, 5:11:48 pm

Бала бул - аалам!
Бала бул - дүйнө!
Бала бул - бир өмүр!
Бала бул - адам!

Балалуу болуу чоң жоопкерчилик жана милдет!

А бизде кандай?

Эптеп - септеп үйлөнө калып, түнкү кумарга чөмүлүү менен бала жарата салмай.
Тай тайлап калса эле, садике таштап качмай!
Мектепке бергенге шашмай ж.б.

А менин оюмда мындайда.

Ушундай бир ааламды, дүйнөнү, өмүрдү жарыкчылыка алып келип жаткан соң, жоопкерчиликтүү болуп, милдетти сезип, акыл эс менен чечим чыгарып, кадам шилтеш керек.

Балага даярдануу эле бир нече жылды алуу шарт.

Мисалы, турмуш кураар алдында партнеруң менен көрүнүп, тазаланып, дарыланып.

Андан соң, сүйүүнүн жалыны менен "осознанно" чечим чыгарып, баланы самап, каалап, тилеп, бойго бүтүрүп, моралдык жана материалдык жактан даяр болуп.

Мамилени, сүйүүнү,мээримди,көңүлдү түйүлдук маалында эле арнап, бапестеп чоңойтуп, ага кам көрүп, кем карчыны камдап, ал менен сүйлөшүп.

Жарык дүйнөгө келгенде, бүт өмүрүңдү төгүп, жөн кана "бирөө" эмес, "Дүйнө, аалам, өмүр" катары мамиле кылып, жумуштан артык сезип, өзүңдү толук тартуулаган туура болот.

Эптеп - септеп, балалуу болуу үчүн эле балалуу болбойчу.

Айтайын дегеним, жеңил ойлуулуктан жасалган кадамдын айынан, канча бала майып, канча бала жетим, канча бала төрөлбөй кетип жатат?!

January 30th 2021, 9:03:03 am

Кызык эй?)

Сенин оордуң каякта дешти.

А мен, керек болсо "кухняда" дедим.

Кухняда болсо эмне болуп кетет экен?
Өлүп каламбы же бир нерсем кемип кетеби ыя?

Тамак жасасам, мени жарык дүйнөгө алып келген ата энеме,
сүйүктүү жарыма,
өз каныман жаралган балдарыма тамак жасап береттирмин.

Мунун эмнеси уят да, эмнеси жаман?

Сүйүү, каалоо менен даярдап берген тамака, мамилеге, көңүлгө не жетсин ыя?

Ааа азыр айтасыңарда, аялыңчы деп?

А мен түгөйүмө тамак жасатып, кызмат кылдыруу үчүн баш кошпойм!

Ал адам менен, бакытты сезип, жыргалчылыкта жашап, ар бир мүнөттөн ырахат алып, бири бирибизге сүйүү тартуулоо үчүн баш кошом.

Кыялдарыбызга, максаттарыбызга колдоо көрсөтүп, жетип, дүйнө жараны болуу үчүн биригебиз.

Сүйүүдөн жаралган балдарыбызга, мээрим төгүп, татыктуу билим, жашоосуна шарт түзүп берүү үчүн бирге түтүн булатабыз.

Ата энелерибизге тамак жасап берүү, бирге жашоо менен эле чектелбей, аларга жетишкен ийгилик, жараткан жаңылыктарыбыз менен сүйүнүч, кубаныч тартууло үчүн баш кошобуз.

Ошончолук эле тамаксоо болуп, кызматка суусап жатсак, кызматчы алабыз, айлык акы төлөйбүз, жумуш иш менен камсыздайбыз. Мунун эмнеси жаман?

Же, булда салтта же динде жокпу?)

Ай, кур намыстан уялсак боло.

Түгөйүм жакшы жумушта иштесе, Гарвардтты бүтсө, менден каражат көп тапса, эмнеге уялышым керек да, арданышым керек?

Жубайың, өзү жактырган, кыялданган, каалаган ишинде иштесе, үй бүлөнү камсыздап жатса,
балдарыңа толуккандуу убактыңды бөлүп, аларга мээримиңди төгүп, жакшы ата болгон кандай сонун?

Жубайым, балдарымдын апасы, ата энемдин келини, билимдүү, акылман, өз ишинин адиси деп,

Тескерисинче кубанып, сүйүнбөйүнбү!

January 30th 2021, 11:21:35 am

Кыздын оорду казан аякта эмес, Гарвард, Кембридж жана Ак Үйдө.

Мындайда, кыздарга тамак жасаганды, оокат кылганды, бирөөнө кызмат кылуу тууралу какшай бербей,
билим алууну, дүйнө таанууну, эл - жер көрүүнү, эркин адам болуп калыптанууну, кулак мээсине куйсак туура болот.

Кыздар деле бала кезинен, "бирөөнүн аялы болосуң,
бараар жериң күйөө,
бул характериң менен күйөөгө тийбейсиң,
тамак жасабасаң эч ким сени жактырбайт,
кайын энең батырбайт" деген сөздөрдөн тажашты.
Чынында, кыздарга бул нерсе керек болсо, өздөрү куруп алышат.
Ошол "кара жумушту" таңуулаганга караганда, "китепти,билимди" таңууласак кана.

Чоңойо калса эле, аял алуу, күйөөгө тийүү "приоритет" болбошу керек.

Андан көрө, биринчи орунда, билимге, адам өзүн өзү таанып билүүгө, жаңы нерсени үйрөнүүгө басым жасоосу, приоритет кылуусу туура.
А турмуш куруу болсо шашпайт, адам бышып жетилип, өз убагы келгенде болсо туура болоор..

Турмуш куруп эле, жыргап кеткен жандар аз.
Күндө ажырашуу. Бузулган үй бүлөө. Жетим калган балдар.
Кимдер көп? Балдары менен көчөдө калган жалгыз бой аял көп.

Мунун баары, "акыл эс" менен эмес, билимсиздиктин, "таңуулоонун" артынан курулган үй бүлөлөрдүн жыйынтыгы болуп жатыр..

Айтайын дегеним, бала болобу, кыз болобу, өз жашоосуна жоопкерчилик алып, жашоосун куруп кете алгандай тарбияланып, билим алып чоңойсо туура болоор.

Күйөөгө берүү же тийүү менен жашоо бүтпөйт. Ар кандай кыйынчылыктар бар. Дүйнө кызыктарга бай!

Анан, Кыз - Эркектен эч айырмасы жок, ал адам, адам жана адам.
Үй бүлөөнү курганга да, бакканга да, негизгиси - башкарууга да укуктуу.

February 1st 2021, 3:42:20 pm

Тамашасы жок айта турган болсок, Садыр Жапаровдун алдында эӊ биринчи кыла турган иши бул кадр саясатын рефармолоодон баштоо.
Ал мезгилдин да элдин да талабы.
Эртеӊки дайындала турчу кадрлар өлкөнүн жана Жапаровдун тагдырын чечет.
Кыргызстанды өнүгүүгө тарта турчу бир нече эле чоӊ реформа жасоо керек, анын бири ушул. Эми бул колунан келеби, келбейби чоӊ суроо.
Биринчи жүз күндүктө баары алаканга салгандай көрүнүп калат.
Бул кадрларды Жапаров алып келген жок деп чыгышыӊар мүмкүн, бирок тилеке каршы андай эмес.
Азыр Ак Үй менен Өкмөт үйүндө «чымындагы» Садыр авабыздын уруксааты жок учпайт.
Ананда Жапаров баардык боло турчу жана болбой турчу маселенин баарына керт башым менен жооп берем деп, ант берүүсүнө да баса белгиледи.
Демек, тээ алыстагы айылдын айыл өкмөтү ыш кыла албай же туура эмес иштерди жасап жатса да Садыр ава жооп берет.
А ЭЛ талап коюп, көзөмөл кылганды кана билүүсү керек.
Анткени, Президент ЭЛДИН КЫЗМАТКЕРИ, мындайча айтканда ЭЛДИН КУЛУ.
Эл иштеп бердеп тандашты, ишин аткарышы үчүн айлык акы берип, салык төлөө менен багып жатат.
Элдин берген каражаты менен ишенимин актаӊыз Садыр ава!)

February 1st 2021, 5:20:18 pm

Жапаровго эмнеге каршысың дегендерге:

Садыр авага эч ким каршы эмес!

Болгону анын мыйзамсыз иш аракетин, калпын, куру убадасын эле айтып коюп жатабыз.

Айтылгандын баары далилдүү.
Ушактап же артынан сөз кылганыбыз жок.

Туураны туура, туура эмести туура эмес деп айтканды билели.

Чыныгы лидер болсо сын пикирге терикпей, кабыл алат, чыйралат, оңолот, өзгөрөт.

#башта
#баштанбашта

February 6th 2021, 3:45:25 pm
Loading...

Конституциянын жаңы долбоору боюнча коомдук талкуу болбойт деп буга чейин уккан чыгарсыз.

Башкача айтканда жаңы
конституциянын долбоорун эл эмес, VI чакырылыштын депутаттары, бизди курчап турган ушул мыйзамдуу башаламандыкка жол берген “мыйзамдын сакчылары” кабыл алышат!

Эгерде сизге мыйзамдардын тандалмачылыгы сиздин көңүлүңүзгө жакпаса, биздин көз карашыбыз менен бөлүшсөңүз - ЭРТЕҢ саат 12:00дө Темир жол бекетине бизге кошулуңуз!

*********

Наверняка вы уже слышали, что общественного обсуждения нового проекта конституции не будет.

То есть не народ будет принимать проект новой конституции, а депутаты VI созыва, те самые «блюстители закона», которые сделали возможным этот правовой беспредел, который сейчас окружает нас!

Если тебя возмущает избирательность права и ты разделяешь наши взгляды – присоединяйся к нам ЗАВТРА в 12:00 у здания ЖД вокзала!

@bashtan_bashta

February 10th 2021, 3:27:17 am

"Турмуш курсаң көрөсүң,
Турмуш курсаң өзгөрөсүң,
Турмуш курбай туруп сүйлөй бербе" ж.б.

Ойлоймда, чынында эле турмуш кургандан соң, баары ушундай кыйын болуп, коркунучтуу болсо.
Баары өзгөрсө.
Турмуш куруп эмне кереги бар?

Азыр дагы айтасыңарда э?)

Просто мен, адам келечегин пландап, өзү кура алат деген ойду карманам. Дайым пландайм.
Турмуш курбасамда, сүйлөшкөн кызым жок болсо да, бала тууралу ойлоном, изденем,сурайм, тактайм.
Бала тарбиялоо тууралу баардык китепти окуйм.
Спермадан төрөлүп, эс тартканча балага кандай мамиле кылуу керек экенин дайым жазам.
Үй бүлөгө, балага болгон жоопкерчиликти сезем.

Мен эңсегендей адамга жолугаарыма да, жашоо мен каалагандай болооруна да ишенем.
Ошого жараша мамиле кылам, аракет жасайм.

Айтайын дегеним, турмуш кураар алдында түгөйүң , ата энең менен сүйлөшүп, такташып, түшүнүшүп, таанып билип, келишип, келечекти пландап албасаң неге болбосун дейм да.
Алар деле түшүнөөр. Эгер аны кааласаң.
Алар деле адам.

Көздү жумуп эле, эптеп-септеп турмуш кура бербей,
Ар бир чечим, айрыкча түгөй тандоо, турмуш куруу, акыл эс (сознание, осознанно) менен болуусу туура.

Азыр жаштар, ойлорда, жашоо да өзгөрдү.

Биз каалаган нерсени улуулар, улуулар ойлогонду биз түшүнө албаган кызыктуу заманда жашап атырык..

Жашоо, улууларга караганда, биз аларга "айкөлдүүрөк" болууну талап кылууда.

Кээ бир улуулар жана түркөйлөр өңдүү бир ойду карманып, ишенип, сыйынгандар менен талашпай,
жаңычыл, заманбап жаштар өз чечимибизди чыгарып, өзүбүздүн салтты, көз карашты, баалулукту жаратчу күн келди өңдөнөт...

А сиздер кандай ойдосуздар?)

February 10th 2021, 11:05:53 am

Цифровые права. Что это такое?

Почему это важно? Как себя обезопасить и какие инструменты для этого использовать? Что нужно и не нужно делать - смотрите в нашем новом видео.

P.S Поставьте лайк и поделитесь этим видео, если оно было полезным для вас 🙌🏻

https://youtu.be/AUdRb9Oy4y0

@bashtan_bashta

February 11th 2021, 9:20:42 am

Санарип укуктары деген эмне?

Кантип өзүңүздү коргоп жана дагы бул үчүн кандай куралдарды колдонуу керек? Эмне кылуу жана эмне кылбоо керек - биздин жаңы видеодо.

P.S. Бул видео сизге пайдалуу болсо, лайк басып, бөлүшүңүз Smiling face with smiling eyes

https://youtu.be/sYZHgDBSlN8

@bashtan_bashta

February 11th 2021, 11:34:21 am

Ушу кантип болсун?

February 11th 2021, 11:34:21 am
Loading...

🤡Райымбека Матраимова оштрафовали на 260 тысяч сомов. Арест с имущества снят

Выйдя из совещательной комнаты, судья Гульзат Дыйканбаева зачитала приговор, согласно которому Райымбек Матраимов признан виновным в коррупции. Его оштрафовали на 260 тысяч сомов.

Кроме того, суд снял арест с имущества обвиняемого.

Согласно статье 319 "Коррупция" Уголовного кодекса КР, за коррупцию светит от 10 до 15 лет лишения свободы. Однако Матраимов отделался штрафом.

***

Ну что, можно сказать «А мы говорили»😂, кто теперь «бузукулар»?)

@bashtan_bashta

February 13th 2021, 12:58:45 pm
Loading...

February 13th 2021, 12:58:45 pm
Loading...

❗️Провокацияны алдын алуу үчүн баардык катышуучуларды жүрүштүн эрежелерин сактоону жана эпидемиологиялык шартка байланыштуу беткап тагып келүүңүздөрдү суранабыз.

@bashtan_bashta

February 20th 2021, 5:14:24 am

Тынчтык жүрүшүңөрдөн не пайда чыкмак эле? Жөн эле чыга бересиңерби -дегендерге.

Өлкөбүздө акыйкаттык, адилеттүүлүк,мыйзамдуулук орномойунча чыкканыбыз чыккан.

Эртеңда саат 12:00гө Темир Жол бекетине келиңиз.

Акыйкаттык,
Чек ара,
Мыйзамдуулук үчүн
Эркиндикти бойлой бирге сейилдейбиз.

#башта
#баштанбашта

February 20th 2021, 5:14:31 am
Loading...

February 23rd 2021, 12:20:01 pm
Loading...

February 23rd 2021, 12:20:01 pm
Loading...

Эртең саат 18:00дө "В рамках закона" демилгелүү топтун юристкасы - Фатима Якупбаева менен түз эфирде Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда күтүлүп жаткан Сот түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө сөз кылабыз.


📅 ЭРТЕҢ
🕰 18:00
🖥 Instagram, Facebook, Clubhouse: https://www.joinclubhouse.com/event/M5REKZ0e

****


Присоединяйтесь к нам в прямой эфир завтра в 18:00 обсудить изменения в судебной системе по новому проекту конституции

Будет вещать юристка инициативной группы «В рамках закона» - Фатима Якупбаева 💜

📅 ЗАВТРА
🕰 18:00
🖥 Instagram, Facebook, Clubhouse: https://www.joinclubhouse.com/event/M5REKZ0e

#Башта #БаштанБашта

February 28th 2021, 4:19:33 am

Оозунан ак ит кирип, кара ит чыккандарга теңелбегиле!

Алардын колунан билип билбей жамандоо, каралоо, жекелике асылуу гана келет.

А билип билбей каралоо, жамандоо, жекелике асылуу, далилсиз сүйлөө, сөгүп сагуу - билимсиздин, акылы толбогон, көкүрөгү көр, жан дүйнөсү тар адамдын иши.

Караңгыны жарык, Билиммиздикти билимдүүлүк баары бир жеңет.

Ошого, билим алууну, дүйнө таанымды кеңейтүүгө аракет кыла берели.

Калганын акыретте Жараткандын алдында эсептешеип алабыз.😉✋

Viewing Telegram channel @ulanusoiun (Ulan Usoiun)
This is channel preview
create account to subscribe to this channel, browse for more